Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры №13/1
Кара-Суу шаар мэриясынын 1- кабатын оңдоп түздөө долбоору үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошуу жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрь №9 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 4-декабрь №01-13/5514 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаар мэриясынын 1- кабатын оңдоп түздөө үчүн республикалык бюджеттен алынуучу дем берүүчү грант үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 821 662 (бир миллион сегиз жүз жыйырма бир миң алты жүз алтымыш эки) сом өздүк салым үчүн бөлүнсүн.
2.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |