Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры №13/2
Кара-Суу шаарындагы З.М.Бобур атындагы орто мектебине жаңы от казан куруу долбоору үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошуу жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрь №9 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 4-декабрь №01-13/5514 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаарындагы З.М.Бобур атындагы орто мектебине жаңы от казан куруу үчүн республикалык бюджеттен алынуучу дем берүүчү грант үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 548 990 (эки миллион беш жүз кырк сегиз миң тогуз жүз токсон) сом өздүк салым үчүн бөлүнсүн.
2.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |