Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры №13/4
Шаардык кеңештин сапар чыгымдарына бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрь №9 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 9-декабрь №01-13/5566 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Шаардык кеңештин сапар чыгымдарына бөлүнгөн 288 800 (эки жүз сексен сегиз миң) сом акча каражаты шаар мэриясынын маданият беренесине которулсун.
2.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |