Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры №13/5
Шаар аймагындагы көп кабаттуу турак жайлардын чек ара жана жер аянттарын тактоо жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрь №9 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 9-декабрь №01-13/5560 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Шаар аймагындагы көп кабаттуу турак жайлардын чек ара жана жер аянттарын тактоо максатында тиешелүү иштер алып барылсын.
2.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |