Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры №13/7
Биримдик айылындагы жер аянтын мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрь №9 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 9-декабрь №01-13/5590 сандуу катын угуп жана талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаарынын Биримдик айылындагы №149-контурундагы мамлекеттик менчикте турган 6,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |