Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры №13/8
Жер аянтынын контурун которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер кодекси” Мыйзамын 4-14-беренелерине ылайык жана Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрь №9 протоколдук чечимин, Кара-Суу шаар мэриясынын 11-декабрь №01-13/5630 сандуу катын угуп жана талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаарындагы Киров айылындагы 85-контурдагы 0.37 га сугат айдоо жерди 195- контурга которууга макулдук берилсин.
2.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |