Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-июлу № 8/2
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтү 2026- 2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорунун болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жана «Кыргыз Республикасынын 2026-2027-2028-жылдарга карата Республикалык бюджеттин долбоорунун болжолу жөнүндө мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып, Ынтымак айылдык кенеши
Токтом кылат
1. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтү 2026-2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорунун болжолу жөнүндө мыйзамдарынын негизинде жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү менен чыгаша бөлүгүнүн айырмасы Республикалык бюджеттин тендештирүүчү гранттын эсебинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, муниципиалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын
төрага |
А. Дунаев |