Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кенеши
XXXI кенештин чакырылышы XXV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын декабрь айынын 16сы 31/25-1
Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы №01-8/3226, 2025-жылдын 11-декабрындагы №01-7/3259 жана №01-8/3258 кайрылуулардын негизинде, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында географиялык объекттерге ат коюунун, аларды кайра атоонун, географиялык аталыштарды эсепке алуунун жана каттоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык, токтом кылат:
1.Чолпон-Ата шаарынын төмөндөгү көчөлөрүнүн атын коюуга жана өзгөртүүгө макулдук берилсин:
-Чолпон-Ата шаарынын Ч.Айтматов аллеясынын батыш тарабындагы Акматбай ата көчөсү Чынгыз Айтматов атындагы көчөсүнө өзгөртүү;
-Бактуу-Долоноту айылынын чыгыш тарабындагы аты жок тик көчөсүнө Бактуу-Долоноту атын берүү;
2.Чолпон-Ата шаарынын 2-кичи районунда жаӊы курулуп бүткөн бала бакчасына “Акылман” атын коюуга макулдук берилсин.
3.Чолпон-Ата шаарынын мэриясы бул токтомду аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл филиалына эсепке алуу жана инвентаризация маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жиберилсин.
5.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.М. Молдобеков