Редакцияот 07.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVI-сессиясы

2023-жылдын 07-мартындагы № 51

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун бекитип берүү жөнүндө

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, Кыргыз Республикасынын “Жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле жергиилктүү коомчулуктун Уставын жетекчиликке алуу менен USAID дин "Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында 2023-жылдын 19-январындагы №7 буйругу менен кабыл алынган Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-2025-жылдарга кызматтарды жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобунун курамын бекитүү максатында, токтом кыламын:

 

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлүп жаткан Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобу төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:

- Аширбаев Исманали - айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, топтун төрагасы;

- Абдумуминова Карамат - айылдык кеңештин депутаты;

- Сатишова Клара - айылдык кеңештин депутаты;

- Мамасыдыков Эргешали - Жаңы-Абад айылдык комитетинин аксакалдар соту;

- Эргеш уулу Тилек - Дөң-Булак айылдык комитетинин башчысы;

- Кулуева Чолпонай - Бахмал айылынын аялдар кеңешинин төрайымы;

- Айдошева Сабирахан - айылдык кеңештин депутаты.

 

2. Жогоруда түзүлгөн топтун аткарып жаткан иштерине көзөмөл жүргүзүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И.Аширбаевке тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Укуктук уюштуруу маселелери, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамааттар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов