Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 787 токтому менен бекитилди) |
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн
белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн
ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана ал өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдерин баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын милдеттүү түрдө сакташын белгилейт.
2. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй максаттарда сактоо керек:
1) базанын кирешелүү жана туруктуу өсүшүн камсыз кылуу;
2) баалуу кагаздар менен жасалган операциялар боюнча тобокелдиктерди чектөө;
3) кесипкөй катышуучулардын иши менен байланышкан чыгымдарды жана потенциалдуу жоготууларды өз учурунда жаап туруу;
4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата инвесторлордун ишеничин жогорулатуу.
3. Өздүк каражаттардын реалдуу жетиштүүлүгүн баалоо учурунда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жободо белгиленген ченемдик көрсөткүчтөрдөн тышкары төмөнкүдөй башка көрсөткүчтөрдү да эске алат:
1) башкаруунун сапаты;
2) баалуу кагаздар боюнча мыйзамдардын сакталышы;
3) ликвиддүүлүгү;
4) жалпы экономикалык шарттар.
4. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрүн эсептөө бухгалтердик эсептин белгиленген ченемдери боюнча түзүлгөн бухгалтердик отчеттун маалыматтарынын негизинде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан жүргүзүлөт жана квартал сайын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
2-глава. Өздүк каражаттардын
жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү
5. Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иштин тиешелүү түрү үчүн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк каражаттары ушул Жобонун 6, 8-пункттарында белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем болбошу керек.
6. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкү чоңдуктардан кем болбошу керек:
- депозитардык иш - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 200 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча иш – 500 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш – 150 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- дилердик иш – 50 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- брокердик иш – 80 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын реестрин жүргүзүү боюнча иш – 60 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- инвестициялык фонддун иши – 30 000 эсептик көрсөткүчтөн.
7. Топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясынын өздүк каражаттарынын минималдуу өлчөмү төмөнкүлөрдү түзөт:
Топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясында ишенимдүү башкарууда турган активдердин жалпы суммасы | Топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясынын өздүк каражаттарынын минималдуу өлчөмү |
100 млн. сомго чейин, кошо алганда | 100 000 эсептик көрсөткүч |
100 млн. сомдон 300 млн. сомго чейин, кошо алганда | 300 000 эсептик көрсөткүч |
300 млн. сомдон 600 млн. сомго чейин, кошо алганда | 400 000 эсептик көрсөткүч |
600 млн. сомдон жогору | 500 000 эсептик көрсөткүч |
Топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясында ишенимдүү башкарууда турган активдердин жалпы суммасы ага ишенимдүү башкарууга берилген топтолгон пенсиялык каражаттар инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркы катары аныкталат. Активдердин учурдагы рыноктук наркы рыноктук котировканын негизинде же рыноктогу баалардын (котировканын) деңгээлинде активдерди салыштырып баалоо методу боюнча көз карандысыз баалоочулардын корутундуларынын негизинде аныкталат.
Топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясы тейлеген активдердин көлөмүнө (наркына) карата алардын өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгү, ошондой эле топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясында ишенимдүү башкарууда турган активдердин жалпы суммасына карата башкаруучу компаниянын өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгү аныктала турган отчеттук дата болуп кварталдын акыркы календарлык күнү саналат.
8. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштин бир нече түрлөрүн айкаштыруу шартында иш жүргүзүлгөндө баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү иштин кайсыл түрүндө уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү кыйла жогору белгиленсе, ошого коюлуучу талаптарга жараша аныкталат.
9. Финансылык туруктуулукту камсыздоо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларындагы ликвиддүү активдердин болушун баалоо максатында учурдагы ликвиддүүлүк коэффициенти белгиленген.