ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХVII-сессиясы
2023-жылдын 03-майындагы № 55
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын Үч-Алыш участкасынын 700 м.кв жер аянтына муниципалдык бала бакча куруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын Үч-Алыш участкасынын 700 м.кв жер аянтына муниципалдык балдар бакчасын куруу максатында токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын Үч-Алыш участкасындагы 700 м.кв жер аянтына муниципалдык балдар бакчасын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жер аянтынын мыйзамдуу жагын карап, тиешелүү ишканалардан корутунду, аныктамаларды алып, жер аянтын бекитип берүү жагы жүктөсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |