Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2025-жылдын 14-ноябры № 59
А.Масалиев айыл аймагындагы З.М.Бобур атындагы №43 жалпы билим берүү мектебинин эски имаратын капиталдык оңдоп түзөө үчүн өздүк салымга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы З.М.Бобур атындагы №43 жалпы билим берүү мектебинин эски имаратын капиталдык оңдоп түзөө үчүн айыл өкмөтүнөн өздүк салым катары 374.499 (үч жүз жетимиш төрт миң төрт жүз токсон тогуз) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |