ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХVII-сессиясы
2023-жылдын 03-майындагы № 57
Муниципалдык кызматчынын кызматтык маянасына үстөк акы белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 Жарлыгынын 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн өздүк архивинин архивариус кызматкери жок болгондуктан, архивдин ишин жандандыруу үчүн архивариустун милдетин муниципалдык кызматкерге тагуу жана ага кошумча үстөк акы белгилөө максатында токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн өздүк архивинин архивариус кызматкери жок болгондуктан, өздүк архивдин ишин жандандыруу үчүн архивариустун милдети бир муниципалдык кызматкерге жүктөлсүн жана ага кошумча кызматтык маянасынын 25 пайыз өлчөмдө үстөк акы белгиленсин.
2. Муниципалдык кызматкерге кошумча милдет тагуу жана кызматтык маянасына үстөк акы төлөп берүү Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөң-Булак айылдык кенешинин финасы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Жусупов |