ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХVII-сессиясы
2023-жылдын 03-майындагы № 58
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы кесиптик-ыйман окуу борборуна ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык обьекттериди атоо. Алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды өсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы кесиптик-ыйман окуу борборуна ат(ысым) ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, токтом кылабыз:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы кесиптик-ыйман окуу борбору Чубак аажы Жалилов атындагы деп аталсын.
2. Ат же ысым ыйгарылган кесиптик-ыйман окуу борборуна даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Чымбай айылынын башчысы С.Кадыровко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |