ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы
2023-жылдын 09-июнундагы № 59
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма участкасынын тургуну Рахматжон угли Дилшодбектин жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма участкасынын тургуну Рахматжон угли Дилшодбектин турак жай ээлеген жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп калкты тейлөө үчүн автоунаа оңдоочу жана ширетүүчү цех курууга, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу” (тарнсформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине негиз жана Рахматжон угли Дилшодбектин жазган арызын эске алуу менен айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма участкасындагы турак жай ээлеген жер аянтынын ээси Рахматжон угли Дилшодбектин 500 чарчы метр жер аянтынын мамлекеттик актысынын сериясы Ч № 1178235 түзүлгөн күнү 2023-жылдын 24-январы, идентификациялык коду 5-06-03-1004-0605 сандуу жер тилкесин пайдалануу багытынын мамлекеттик актысын калкты тейлөө үчүн автоунаа оңдоочу жана ширетүүчү цех курууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |