ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы
2023-жылдын 09-июнундагы 61
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Төөлөс айылынын тургуну Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевичтин жазган арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу” (тарнсформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Төөлөс айылынын тургуну Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевичтин турак жай ээлеген жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп коммерциялык дүкөн куруу максатында жазган арызын угуп жана талкуулап, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Төөлөс айылындагы Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевичтин турак жай ээлеген 800 чарчы метр жер аянтынын мамлекеттик актысынын сериясы Ч № 417808 идентификациялык коду 5-06-03-1009-0116 сандуу жер тилкесинин ичинен 300 чарчы метр аянтын пайдалануу багытын калкты тейлөө үчүн коммерциялык дүкөн курууга макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |