ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы
2023-жылдын 09-июнундагы 62
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал-2, Дөң-Булак-2, Паизабад, Үч-Алыш, Жоо-Алма калктуу конуштарын айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү туралуу” Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча Ведомостволор аралык комиссиясынын ишмердиги жөнүндө Жобонун 3-талабына ылайык, Бахмал-2, Дөң-Булак-2, Паизабад, Үч-Алыш, Жоо-Алма калктуу конуштарынын тургундарынын жалпы жыйынынын токтомуна таянып, Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал-2, Дөң-Булак-2, Паизабад, Үч-Алыш, Жоо-Алма калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүүгө сунушталсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал-2, Дөң-Булак-2, Паизабад, Үч-Алыш, Жоо-Алма калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жагы тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан суралсын.
3. Мыйзам чегиндн тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Ө. Жусупов |