Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-ноябры № 01-5/52
Сүлүктү шаарынын 2026-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталуучу долбоорлордун өздүк салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Сүлүктү шаарынын 2026-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жыл 1-мартындагы “Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” №103 токтомуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын 2026-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган төмөнкү долбоорлордун жалпы өздүк салымы 13 470 133 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн 2026-жылдын бюджетине киргизилсин;
1. Сүлүктү шаарындагы Советская көчөлөрүнө асфальт төшөө долбоорунун өздүк салымы 2 000 194 сом;
2. Сүлүктү шаарындагы Д.Жороев көчөлөрүнө асфальт төшөө долбоорунун өздүк салымы 1 969 073 сом;
3. Сүлүктү шаарындагы Раззаков жана Кулматов көчөлөрүнүн боюндагы Отбасаров көчөлөрүнүн кесилишине чейинки лотокторду капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун өздүк салымы 601 890 сом;
4. Сүлүктү шаарынын И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинин чатырын капиталдык ооӊдоодон өткөрүү долбоорунун өздүк салымы 1 116 547 миӊ сом;
5. Сүлүктү шаарынын М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жана мектеп алдына брусчатка төшөө долбоорунун өздүк салымы 2 549 171 сом;
6. Сүлүкутү шаарынын мэриясынын имаратынын фасадын, тирөөч дубаалдарын капиталдык оӊдоо долборунун өздүк салымы 2 416 940 сом;
7. Сүлүктү шаарынын Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу долбоорунун өздүк салымы 2 816 319 миӊ сом;
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.А.Абдуназаров |