ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы
2023-жылдын 09-июнундагы 66
Кошумча план алуу боюнча
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясында каралып, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин бала бакча бөлүмүнүн ата-энелер төлөмү болгон атайын каражаттар эсебине 720,0 миң сом кошумча план жеткирилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Курманбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана экономика меселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |