Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы

2023-жылдын 09-июнундагы 68

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай, Өзгөрүш, Дөң-Булак, Бахмал участкасындагы мүрзөлөрдү кеңейтүү үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай, Өзгөрүш, Дөң-Булак айылдарынын жери тарып жаткандыгын жана Бахмал, Бахмал-2, Паизабад айылдарынын жана Достук, И.Жусупов көчөлөрүнүн тургундары Бахмал участкасындагы мүрзөгө Өзгөн шаарынын тургундарынын маркумдары да коюлуп жаткандыгына байланыштуу, мүрзөнүн жери күндөн-күнгө тарып бара жаткандыгын айтып арыз менен кайрылышкан. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында түшкөн арызды карап жана талкуулап, токтом кыламын:

 

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай, Өзгөрүш, Дөң-Булак Бахмал, Бахмал-2, Паизабад айылдарынын жана Достук, И.Жусупов көчөлөрүнүн тургундарынын аталган участкаларындагы мүрзөгө жер ажыратып берүү боюнча сурап жазган арызы канааттандырылсын.

 

2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай участкасындагы № 827 контурдан 2,0 га, №828 контурдан 0,40 га, Бахмал участкасындагы № 545 контурдан 1,0 га, Өзгөрүш участкасындагы №22 контурдагы 2,0 га, Дөң-Булак айылындагы №495 контурдагы 2,0 га жер аянты мүрзө үчүн трансформацияга макулдук берилсин.

 

3. Көрсөтүлгөн жерди бөлүп берүү жана керектүү иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы жана жер меселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов