Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-ноябры № 01-5/55
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Мунципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Сүлүктү шаарынын мэриясынын 17.11.2025ж. №01-7/3623 сандагы Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү катына ылайык 09.07. 2013ж. №117 Кыргыз Республикасынын “Турак жай” Кодексинин 12 – беренесинин 5 – пунктунун жана 14-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз IV сессиясынын 2025-жылдын 28-мартындагы № 01-5/22 Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Мунципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому күчүн жоготту деп эсептелсин;
2. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары – комиссиянын төрагасы.
2. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетектөөчү адиси – комиссиянын катчысы.
3. Сүлүктү шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси - юрист.
4. Сүлүктү шаарынын мэриясынын экономикалык өнүктүрүү жана өнөр жай бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
5. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы.
6. “Сүлүктү Тазалык” МИнын башчысы;
7. КР Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын башкы жер адиси.
8. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура башкармылыгынын башчысы.
9. Шаардык кеңештин депутаты - Ташев Б.Э.
10. Шаардык кеңештин депутаты - Төрөкулов Б.Т.
11. Шаардык кеңештин депутаты - Арипов Р.З.
12. Кошбулак поселкалык аймактык башкармалыгынын башчысы.
13. Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.
14. Коомдук активист.
15. Коомдук активист
3. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын мүчөлөрүнүн кызмат орду өзгөргөн учурда анын ордуна келген кызмат адамы шаардык мэриянын буйругунун негизинде комиссиянын курамына киргизилсин;
4. Комиссиянын ишин тийиштүү мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө жагы шаардын мэринин орун басары А.А Полотовго милдеттендирилсин;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.А.Абдуназаров |