Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-ноябры № 01-5/56
Сүлүктү шаардык кеӊешинин 21.11.2022ж №72 “Сүлүктү шаардык дарт аныктоо бөлүмүнүн (Поликлиника ГСВ №1, №2) имаратын курууга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Шаардык мэриянын 24.11.2025ж. №01-7/3718 сандагы Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылыш) XX сессиясынын 21.11.2022ж. №72 Сүлүктү шаардык дарт аныктоо бөлүмүнүн (Поликлиника ГСВ №1, №2) имаратын курууга макулдук берүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү каты боюнча Сүлүктү шаардык кеӊешинин муниципалдык менчик курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылыш) XX сессиясынын 21.11.2022ж. №72 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилип жаӊы редакцияда кабыл алынсын.
2. Сүлүктү шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан борбордук китепкананын имаратынын ордуна бир бөлүгүнө Сүлүктү шаардык дарт аныктоо бөлүмүнүн (Поликлиника ГСВ №1, №2) жаӊы имаратын курууга макулдук берилсин.
3. Сүлүктү шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан борбордук китепкананын имаратынын ордуна бир бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу макмлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын жаӊы имаратын курууга макулдук берилсин.
4. Аталган имараттарды курууга тиешелүү жер аянтын 2 бөлүккө бөлүү иштерин мыйзам ченеминде жүргүзүү жагы шаардын мэри Б.Ш. Абдыжапаровго милдеттендирилсин
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.А.Абдуназаров |