Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-декабры №18/70
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 40-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 8-декабрындагы №20 протоколун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы №5 жана №6 протоколдоруна ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы болуп “Ынтымак” фракциясынан депутат Мурзаев Асилбек Ыдырысович шайланды.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп “Жаны Кыргызстан”фракциясынан депутат Мамадиев Аскарали Адылович шайланды.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын м.а. А.Махмедов