ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы
2023-жылдын 09-июнундагы 71
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай айылындагы “Чымбай Ынтымак көп тармактуу коммерциялык айыл-чарба кооперативин” уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-июнундагы №70 “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Чымбай айылындагы “Чымбай Ынтымак көп тармактуу коммерциялык айыл-чарба кооперативин” уюштурууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуу каты боюнча маселени угуп жана талкуулап, токтом кыламын:
1. Чымбай айылындагы “Чымбай Ынтымак көп тармактуу коммерциялык айыл-чарба кооперативин” уюштурууга макулдук берилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |