ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы
2023-жылдын 09-июнундагы 73
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-2026 –жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл аймагынын айыл тургундарына кызмат көрсөтүшүнүн сапатын жогорулатуу, айылдык аймактын социалдык–экономикалык маселелерин чечүүдө жарандардын активдүүлүгүн, маалымдуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн иш-планды бекитүү үчүн токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-2026–жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |