Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

VII чакырылышындагы Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

2024-жылдын 22-апрелиндеги № 16

Жайыл айыл аймагынын административдик чек арасынын карта схемасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жайыл айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Жайыл айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. Жайыл айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Жайыл айылдык кеңешинин төрагасына жана Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3.Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Жайыл айылдык кеңешинин

төрагасы

 

 

А.А. Мамбеткулов