ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы
2023-жылдын 09-июнундагы 75
Мамлекет тарабынан берилген компенсация жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясында каралып, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №137 токтомуна ылайык дыйкан-фермерлер айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынан бошотулгандыгына байланыштуу:
Юридикалык жер салыгы 366,4 миң сом.
Жалпысынан 366,4 миң сом акча каражаты 2023-жылдын жыйынтыгы менен компенсация катары мамлекет тарабынан берилген.
Жалпысынан 366,4 миң сом акча каражаты Дөң-Булак айыл аймагындагы калктын аялуу катмары болгон жарандарга кышка карата жылуулук энергиясы болгон катуу отун (көмүр) сатып алуу үчүн бюджеттин чыгаша бөлүгүнө:
Социалдык коргоо бөлүмүнө 2224 беренесине 200,0 миң сом, 2721 беренесине 166,4 миң сом.
Жалпысынан 366,4 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Курманбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ө. Жусупов |