Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-декабры №65
2025-жылдын жыйынтыгы
боюнча бюджеттин киреше жана
чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү
жөнүндө
Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык мүлк, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жана кыскартуу маселесин угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү салык түрү боюнча план көбөйтүлсүн:
- киреше салыгы, салык агенттери тарабынан төлөнүүчү – 16 000,0 миң сом.
- калктуу конуштар үчүн таштандыларды чогултуу акысы – 193,1 миң сом
- жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн төгүмдөр – 6,1 миң сом
Киреше бөлүгүндөгү өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы – 16 199,2 миң сом.
2.Жогоруда айтылгандардын негизинде бюджеттин чыгаша бөлүгү көбөйтүлсүн:
- Р.70629 бөлүмү «Башка турак жай-коммуналдык кызматтар», берене
31121230– «Жүк ташуучу унаа сатып алуу» – 13 000,0 миң сом
- Р.70624 бөлүмү «Коммуналдык кызмат көрсөтүү», МИ “Таза Нарзан” берене
221549021– «Кызмат көрсөтүү» – 3 000,0 миң сом.
- Р.70921 бөлүмү «Орто билим берүү», берене 22221200– «Материалдарды сатып
алуу» – 199,2 миң сом
3.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберип, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоо үчүн чара көрсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Т.Урманбетов |