ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХIХ-сессиясы
2023-жылдын 27-сентябрындагы № 76
Административдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Өзгөн районунда административдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып, Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында 19007 калк, 3472 кожолугу бар болгондугунун негизинде өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Жусупов |