Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-декабры № 125
Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Булак айылынын 60,0 га жер аянтынын башкы планына деталдуу пландаштыруу долбоорун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 2-декабрындагы №516 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы отурумунун корутундусунун негизинде, шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалган шифр №350-Ош/2025 сандуу Кара-Булак айылынын 60,0га жер аянтынын башкы планына деталдуу пландаштыруу долбоорун карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Булак айылынын 60,0 га жер аянтынын башкы планына деталдуу пландаштыруу долбоору бекитилсин.
2. Токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
3. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Д.Байзаков |