Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын X сессиясы
2025-жылдын 19-ноябры № 56
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн тогуз айда аткарылган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 6-бөлүмүнүн негизинде, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысынын тогуз айлык отчётун берүү боюнча билдирүүсүн, угуп талкуулап карап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн тогуз айлык отчёту канааттандырарлык деп табылды.
2.Ушул токтомдун аткарылышы төраганын орун басары М.Мажитовага жүктөлсүн.
3.Ушул токтом 2014-жылдын 7-февралындагы №8 “Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жана мамлекеттик тилде жарыялоо жөнүндөгү” токтомуна негизделип мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4.Ушул токтом Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү областтык юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.
6.Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин Финансы бюджет, жана социалдык-экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: |
М.Мажитова |