Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын X сессиясы
2025-жылдын 19-ноябры № 57
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ак-Татыр борбордук мечитинин жерин эки бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ак-Татыр борбордук мечитинин жерин эки бөлүүгө Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айылынын борбордук мечитинин муниципалдык менчиктеги жери 4811,0 м2 жер аянты, эки бөлүү боюнча мечит курууга 3084 м2 жер аянтына, бала бакча курууга 1727,0 м2 жер аянтына макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.Ушул токтом 2014-жылдын 7-февралындагы №8 “Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жана мамлекеттик тилде жарыялоо жөнүндөгү” токтомуна негизделип мамлекеттик тилде кабыл алынды, ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүшсүн, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: |
М.Мажитова |