Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын X сессиясы
2025-жылдын 19-ноябры № 59
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат сууга багытталган Тике суу кудуктарынын жер аянтын которуштурууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттин менчигинде турган Ак-Татыр айыл аймагында жайгашкан жайыт жерин которуштурууга, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1.”Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын корутундусунун негизинде, Ак-Татыр айыл аймагынын мамлекеттик менчикте турган №764-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянты жайыт жер, №426-контурунда жайгашкан жери 0,05 га жер аянты суу астындагы жерлер (кургак сай), №791-контурунда жайгашкан 0,15 га жер аянты жайыт жер, №5637-контурунда жайгашкан 0,07 га жер аянты таштуу жайыт жер, №5610-контурунда жайгашкан 0,03 га жер аянты жайыт жер, №431-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянты жайыт жер, жалпы 0,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуштурууга (трансформацияга) макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.Ушул токтом 2014-жылдын 7-февралындагы №8 “Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жана мамлекеттик тилде жарыялоо жөнүндөгү” токтомуна негизделип мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Ушул токтом Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү областтык юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.
7.Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин Айыл чарба, агро өнөр жайы, жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо, жайыт жерлерин пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: |
М.Мажитова |