Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын X сессиясы
2025-жылдын 19-ноябры № 60
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ак-Татыр айылынын Аксакалдар жеринен жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ак-Татыр айылында Аксакалдар чайканасынын жеринен окуу борборуна жер бөлүп берүү боюнча Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Ак-Татыр айылынын Аксакалдар чайканасынын жеринен окуу борборуна 0,03 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.Ушул токтом 2014-жылдын 7-февралындагы №8 “Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жана мамлекеттик тилде жарыялоо жөнүндөгү” токтомуна негизделип мамлекеттик тилде кабыл алынды, ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүшсүн, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: |
М.Мажитова |