Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-июлу № 32
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлерин пайдалануу жөнүндө ”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин КБФнын жерлерин пайдалануу боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
3.КБФнын жерлерин пайдаланууда жарандар менен келишимдерди так,туура.өз убагында түзүү Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин айыл чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |