Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-июлу № 36
“ Келишимди бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө ”.
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “ Кызмат ” мамлекеттик мекемесинин 2025-жылдын 2-июнундагы чыгыш № 4765 сандуу катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.КР Өкмөтүнүн 2014-жылдынр 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “ кызмат ” мамлекеттик мекемесинин 2025-жылдын 2-июнундагы чыгыш № 4765 сандуу каты аткарууга алынсын.
2.Кызмат, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Ак-Суу айыл өкмөтүндө Келишим түзүп, калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,
соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |