Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-июлу № 37
“Видео байкоочу аппараттарын сатып алууга,акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө ”.
Лейлек райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы,милициянын полковниги А.Т.Шагамурзаевдин 2025-жылдын 16-июнундагы чыгыш № 34.7/1001 сандуу сунуш катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Лейлек райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы,милициянын полковниги А.Т.Шагамурзаевдин 2025-жылдын 16-июнундагы чыгыш № 34.7/1001 сандуу сунуш катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматы көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айылындагы Ак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебинин алдына заманбап видео байкоо аппаратын сатып алуу үчүн Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетиненен 70 000(жетимиш миң) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |