Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-июлу № 38
Ак-Суу айыл аймагынын Алга айылынын жашоочуларынын атынан айылдык кеңештин депутаты А.Шамшимаматовдун сунушун угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл аймагынын Алга айылынын жашоочуларынын сунушу көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айылындагы Алга орто мектебинин алдындагы жолго жергиликтүү жашоочуларынын коопсуздугунун алдын алуу максатында, “Тегиз эмс” жол белгисин коюуга жана курууга макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Алга айылынын айыл башчысы И.Хайитовго жана Лейлек РИИБдин ЖИИнин аймактык тескөөчүсү милициянын капитаны Эсенкул уулу Нурсейитке жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү,спорт,миграция,туризм жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |