Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-июлу № 40
“ 2025-жылга кабыл алынган бюджетинин айрым беренелеринен акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 2212 беренесинен 52800 (элүү эки миң сегиз жүз), 2215 беренесинен 100 000(жүз миң) сомду, 2222 беренесинен 27770 (жыйырма жети миң жети жүз жетимиш) сомду, 2824 беренесинен 100 000(жүз миң) сомду кемитип, жалпы 2221 беренесине 280570 (эки жүз сексен миң беш жүз жетимиш) сомду жылдыруу менен Ак-Суу айылынын башкы жолу кеңейтилип жаткандыктан, айылдагы мектептин жана маданият үйүнүн жол жээгиндеги тосмолору буздурулуп кайра калыбына келтирүү үчүн 280570 (эки жүз сексен миң беш жүз жетимиш) сомду жылдыруу боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
V сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т :
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 2212 беренесинен 52800 (элүү эки ммиң сегиз жүз),2215 беренесинен 100 000(жүз миң) сомду, 2222 беренесинен 27770 (жыйырма жети миң жети жүз жетимиш) сомду, 2824 беренесинен 100 000(жүз миң) сомду кемитип, жалпы 2221 беренесине 280570 (эки жүз сексен миң беш жүз жетимиш) сомду жылдыруу менен Ак-Суу айылынын башкы жолу кеңейтилип жаткандыктан, айылдагы мектептин жана маданият үйүнүн жол жээгиндеги тосмолору буздурулуп кайра калыбына келтирүү үчүн 280570 (эки жүз сексен миң беш жүз жетимиш) сомду иштетүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |