Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-июлу № 41
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 238 тескемесинин негизиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 633-т тескемесин аткарууга алуу жөнүндө”.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маиериалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
17-июлундагы № 238 тескемесинин негизиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-июлундагы
№ 238 тескемесинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнө кызматтык унааны сатып алууда,” Мамлекеттик лизинг компаниясы “ААК сы менен келишим түзүүгө жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу жергиликтүү бюджеттен каралууга макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча депутаттардын туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |