Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-июлу № 42
“ Жергиликтүү кеңештин депутаттык мандатын кароо жөнүндө ”.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын мыйзамдуулук,
мандат,укук,жаштар иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Шамшимаматовдун 2025-жылдын 18-июлундагы билдирүү катын угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын мыйзамдуулук,
мандат,укук,жаштар иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Шамшимаматовдун 2025-жылдын 18-июлундагы билдирүү каты көңүлгө алынсын.
2.Билдирүү каттын негизинде,депутат З.Кушбакованын мандатын алуу боюнча ачык добушка коюлганы белгиленсин.
3.Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты З.Кушбакова,ден-соолугун жакшыртуу максатында Россия мамлекетинде дарыланып жүргөндүктөн,депутаттык мандаты өз ордунда калтырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын мыйзамдуулук,мандат,укук,жаштар иштери жана депутаттык этика боюнча боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |