Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-июлу № 43
“ Айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндө ”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статисти Д.Бекмуратовдун 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 Токтому жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статисти Д.Бекмуратовдун 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 Токтому жөнүндөгү билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө, айыл өкмөтүнүн бюджетиненен 110 000(жүз он миң) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл КЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |