Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-сентябры № 44
“КР Президентинин № 54, № 194 Жарлыктарын аткарууга алуу жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча башкы адиси Н.Баврайимованын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” № 194 Мыйзмынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
2025-жылдын 21-августундагы № 27-19633 тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” № 194 Мыйзмынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
2025-жылдын 21-вгустундагы № 27-19633 тапшырмасынын талаптарын аткаруу жөнүндөгү социалдык жактан коргоо боюнча башкы адиси Н.Баврайимованын билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын
21-августундагы № 27-19633 тапшырмасына ылайык, Ак-Суу айыл аймагында өтүп жаткан той жана салтанаттуу маареке иш-чаралардын убактысын чектөө: саат 22:00 дөн кечиктирилбестен аяктоо жана толук токтотуу .
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |