Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 45
“Ак-Суу айыл өкмөт башчысынын 2025-жылдын тогуз айына карата аткарган иштери жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун 2025-жылдын тогуз айына карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун 2025-жылдын тогуз айына карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчёттук маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун 2025-жылдын тогуз айына карата аткарган иштери жашы деп табылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |