Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 50
“ Ак-Суу айыл өкмөтүнүн шайлоо участкаларына керектөөлөрдү алуу үчүн акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрндагы ПЖ №272 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алып Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү №8200”Эгемендүүлүк”,№8025 Ак-Суу,№8026 Жеңиш жана №8183 Алга Шайлоо участкаларына керектүү жабдыктарды сатып алуу боюнча УШК төрагаларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү №8200”Эгемендүүлүк”,№8025 Ак-Суу, №8026 Жеңиш жана №8183 Алга шайлоо участкаларына керектүү жабдыктарды сатып алуу боюнча УШК төрагаларынын билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү №8200”Эгемендүүлүк”,№8025 Ак-Суу, №8026 Жеңиш жана №8183 Алга шайлоо участкаларына керектүүлөрдү сатып алуу жана шайлоону уюшкандыкта өткөрүү үчүн Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин
2215-беренесинен 50,0(элүү миң) сом,шайлоо участкаларын камсыздап, мөөнөтүнөн мурда ЖК депутаттарын шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта өткөрүү үчүн бөлүнүп берилсин.
3. 2111-беренесинен 77,2 (жетимиш жети миң эки жүз) сом, 2121-беренесинен 50,0 (элүү миң) сомду, 3112-беренесине,жалпы 127,2 (бир жүз жыйырма жети миң эки жүз) миң сомду жылдыруу менен төрт УШКга генераторлорду алуу үчүн акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге, көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
Төрага | А. Саматов |