Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 51
“ Ак-Суу айылындагы Темир бетон (ЖБ) цехке кошумча смета түзүү үчүн акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айылындагы Темир бетон (ЖБ) чыгаруучу цехке кошумча жумуштар аткарылгандыктан, Сатып алуулар мыйзамынын 17-беренесинин
3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык кошумча сметаны түзүү үчүн 10% дан ашпаган өлчөмдө акча каражатын бөлүү максатында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Темир бетон чыгаруучу (ЖБ) цехке кошумча сметаны түзүү үчүн Сатып алуулар мыйзамынын 17-беренесинин 3-пунктунун 2- пунктчасына ылайык Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин 2111- беренесинен 373,3 (үч жүз жетимиш үч миң үч жүз) сомду 3112- беренесине жылдыруу менен акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге, көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |