Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 52
“КР ЖӨБ Союзуна мүчөлүк акыны которууга акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
КР ЖӨБ Союзуна мүчөлүк акыны которуу боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңешинин Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. КР ЖӨБ Союзуна мүчөлүк акыны которуу боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин 2121- беренесинен 15 000 (он беш миң) сом акча каражатын 2621- беренесине жылдыруу менен КР ЖӨБ Союзуна,мүчөлүк акыга төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
А.Курбаналиевге,көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |