Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 53
“Ак-Суу элге кызмат” Муниципалдык ишканасын колдоо максатында субсидия берүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун жана “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Д.Бекмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун жана “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Д.Бекмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасына субсидия берүү үчүн 3111 беренесинен 950 000(тогуз жүз элүү миң) сом акча каражатын 2511 беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы
Р.Худаяровго,көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |