Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 54
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эски кызматтык авто унаасын муниципалдык ишканага өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтү жаңы кызматтык авто унаа алгандыгына байланыштуу,айыл өкмөтүнүн балансында турган эски кызматтык авто унааны натыйжалуу пайдалануу жана муниципалдык ишкананы колдоо, ага шарт түзүү максатында “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканага өткөрүп берүү үчүн “КР Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган 2018-жылы чыгарылган 03 КG 352 АС
мамлекеттик номердеги,Нива үлгүсүндөгү кызматтык унаа “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканага “КР Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын
16-беренесине ылайык өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Эски кызматтык унааны өткөрүп берүү,кабыл алуу актысы белиленген тартипте түзүлсүн жана тиешелүү документтери өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Суу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |