Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 55
“Доолбоордук сметалык иш кагаздарды (ПСД) даярдоого акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө”.
2026-жылга карата сунушталуучу долбоорлордун сметалык иш кагаздарын даярдоо максатында акча каражатын жылдыруу боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.2025-жылдын бюджетинин 3111 беренесинен 106 000 (бир жүз алты миң) сомду, долбоордун сметалык иш кагаздарын (ПСД) даярдоо кызматы үчүн 2215 беренесине жылдыруу менен макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |